БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Аскер кызматкерлерине Ош шаарында 186 батир бериле турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Турак-жай бөлүү тууралуу токтомго премьер-министр Темир Сариев кол койду. Ага ылайык, батирлер Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган үйлөрдөн берилет.
Турак-жайлар Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын, Мамлекеттик баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын, Куралдуу күчтөр жана башка аскер кызматкерлерине бөлүнөт.
Аталган мамлекеттик органдардын жетекчилерине квартираларды баланска алуу, батир алчулардын тизмесин түзүү жана бекитүү үчүн комиссияларды түзүү тапшырмалары берилди.