00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
1 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Четыре свободы ЕАЭС: что мешает бизнесу работать без барьеров
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын тоо-кен тармагын өзүнчө орган кылыш керекпи — лицензиялоо, мамлекеттик саясат, кадрдык потенциал
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ОДКБ и безопасность в ЦА — беседа с политологом
14:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Акча кантип пайда болгон? Акчанын пайда болуу тарыхы жана жүгүртүү механизмдери тууралуу
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Өкүл ата, өкүл апа институту эмнеден пайда болгон?
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Беседы о главном
О главном в Рождество Христово. Беседа о вере и традициях с Епископом Бишкекским и Кыргызстанским
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эки президент бажы тосмолорун алып жана келечектеги кызматташууну талкуулады

Жазылуу
Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Алмазбек Атамбаев жана Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы бажы тосмосун ачуу боюнча Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборунда жолукту.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБ алкагында кыргыз-казак чек арасында бажы тосмолору алып салгандыгы, кирип-чыгуу жеңилдегени тарыхый окуя деп баалады.

"Бул тарыхый окуя. Кыргыз-казак бир тууган эл, келечекте чек жана тосмо болбошу керек", — деди Атамбаев.

Назарбаев Ысык-Көлгө акыркы 3-4 жылдан бери буту баса электигин айтып, бул ирет көлдөн чоң канааттануу менен кайтарын билдирди. Андан сырткары, ЕАЭБ алкагында, чек аралардын ачылышы менен соода-сатык күчөрүн айтты. 

"Ысык-Көл — дүйнөдөгү адамдын рухун көтөрө турган кереметтүү жер, адам бул жактан ар дайым кубат алып кайтат. Ал эми эки элдин алака-катнашы ар убакта жогорку деңгээлде болуп келген. Кыргызстандын ЕАЭБге толук кириши менен чын жүрөктөн куттуктайм. Мамлекет болгондон кийин анын чек арасы, анын коопсуздугу болот. Менин баамымда биздин келишпеген маселелерибиз жок, ал эми ЕАЭБ алкагында алака-катнашыбыз ары күчөйт деп ишенем", — деди Назарбаев.

Назарбаев Казакстандан Кыргызстанга келген инвестиция көлөмү 1,5 миллиард долларга жеткенин, учурда биргелешкен 50 ишкана иштеп жаткандыгын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0