БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Быйылкы ажылык сапарга бара турган зыяратчылардын алдыңкы тобу 25-августа Медина шаарына учуп кетет. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.
"Алгачкы рейс Ош шаарынан 25-августта, ал эми Бишкек шаарынан 27-августта учат. Зыяратчылардын акыркы тобу 11-сентябрда кетет. Кыргызстандык зыяратчылар ыйык Мекке шаарынан ажылык амалдарын аткарып бүткөн соң 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин өз мекендерине кайтып келишмекчи", — деп билдирди маалымат кызматынан.
Учурда ар бир облуста ажы башчылары ажыга бара турган жарандар менен жолугуп, аларга ажылык тартип-амалдары туурасында бир топ түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, атайын сабактарды өтүшүүдө.
Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 3685 орундук квота бөлгөн.