БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Алдыдагы үч күндө боло турган нөшөрлөгөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы шашылыш билдирүү таратты.
"8-августтан 11-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн", — деген кабарды ведомствонун мааалымат кызматы таратты.
ӨКМ Чүй, Нарын жана Ысык-Көл бассейндериндеги дарыяларда суунун көтөрүлүшү күтүлөрүн кошумча билдирди.