БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Кыргызстанда футбол боюнча чемпионатта эки лидер команда жеңишке жетип, алдыда бара жатат. Бул туурасында КРдин Футбол лигасынан билдиришти.
Учурдагы чемпион бишкектик "Дордой" 3:1 эсебинде Канттын "Абдыш-Атасын" утуп, 29 упай топтоду, ал мурдагыдай эле өлкөнүн биринчилигинде тизмеде экинчи болуп бара жатат.
Ал эми катар өткөн оюнда "Алай" (Ош) 4:0 эсеби менен Нарындын "Ала-Тоосун" жеңип, 34 упай менен лидерликти бербей келе жатат. Ошентип, "Алай" менен "Дордойдун" ортосундагы беш упайлык айырма сакталып келе жатат.
Үчүнчү тизмеде азырынча 14 упай менен "Алга" (Бишкек), акыркы болуп, 4 упай топтогон "KG United" турат.
Мелдешке бардыгы болуп алты команда катышууда.