БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эл аралык долбоорлоо институттары менен биргелешип балык чарбасын өркүндөтүү жана заманбап программаны ишке киргизүү боюнча биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге балык чарбасынын азыркы абалы жана өнүгүүсү тууралуу кайрылуу даярдалды. Бул жөнүндө Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кайрылууда балык чарбасын Түркиянын мисалында туруктуу өнүктүрүү максатында жана эксперттик баа берүү үчүн Жидди шаарындагы Ислам өнүктүрүү банкына өкмөттүн атынан кайрылуу сунушталат.
Учурда долбоордук институттардын жана эл аралык инвестициянын жардамы менен балыкчылык тармагы акырындап жанданып, заманбап технологиялар колдонула баштады. Ата мекендик балык тармагын өнүктүрүү бул жааттагы заманбап ыкмаларды колдонуудан жана чакан көлмөлөрдө балык өстүрүүдөн көз каранды.