00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Импортерлор менен экспортерлор мамлекеттик көзөмөлдөн өткөнү жөнүндө талон толтурушат

Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы талон толтуруу Кыргызстандын чек арасынан өтө турган күнүн тастыктай турган каражат болорун белгилейт. Булгоого, оңдоп жазууга жол берилбейт.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ишкердүүлүк менен алектенген уюмдар же жеке адамдар Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу унаа каражаты менен товар киргизип-чыгарууда мамлекеттик көзөмөлдөн өткөндүгү боюнча талон толтура турганын Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай эреже Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча документ Казакстан тарабынан ратификацияланганына байланыштуу кыргыз-казак бажы тосмолорунун алынышынан кийин киргизилет.

Шейшемби күнү Казакстан акыркы болуп аталган документти ратификациялады.

Салык кызматы талон Чек ара кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилерин белгилейт.

"Ташуучу же товарга жоопкер адам өткөрүү пунктунда талонду эки нускада толтурат. Мында милдеттүү түрдө жүк жөнөткөн жана жүк алуучунун дайын-дареги, автоунаа пунктунун аталышы жана КР чек арасынан өтө турган күнү белгиленет", — деп айтылат билдирүүдө.

Толтурулгандан кийин эки талон тең Чек арачыларга берилет.

"Талон толтурууда аны булгап, оңдоп жазууга жол берилбейт. Андай талон жараксыз деп табылат. Чек ара кызматынын жооптуу кызматкери талондун толтурулушун текшергенден кийин ага күнү көрсөтүлгөн мөөр коюлат", — деп маалымдайт кызмат.

Талондун бир нускасы ташуучу же товар үчүн жоопкер адамга берилет, экинчиси чек ара бөлүмүндө калат. 

Мамлекеттик салык кызматы талон толтуруу Кыргызстандын чек арасынан өтүү датасын тастыктай турган каражат болорун белгилейт. 

Мында товарды жеке пайдалануу үчүн жеңил унаа, мотоцикл же мопед менен ташыгандар үчүн талон толтуруунун кажети жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0