БИШКЕК, 4-авг — Sputnik. Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагындагы Орто-Саз айылында дүйшөмбү күнү, 3-августта болжол менен түңкү саат 22:00дөн 23:30га чейин 10-15 мүнөт катуу нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чоң Кара-Коо жана Кичи Кара-Коо коктуларынан сел түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Сел Кара-Коо коктусунда жайгашкан мал сарайда жыйылган 4 тонна чөптү толугу менен агызып кеткен. Андан сырткары, Нарын — Ийри-Суу унаа жолундагы көпүрө түтүкчөсүнө батпай унаа жолдун үстү менен агып, 20 турак жайды анын ичинен 5 турак жайдын жертөлөлөрүнө кирип, бир бала бакчанын короо жайларын сел каптаган.
Нарын шаардык өрт-куткаруу кызматынан 32 куткаруучусу суу сордуруучу жабдуулар менен толгон сууларды сордурган. Ошондой эле 16 ыктыярдуу куткаруучу, райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, кырдаал жөнгө салынды.