БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аймагы аркылуу агып өткөн сууга чөгүп бараткан адамды куткаруучулар сактап калды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 30-июль күнү Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан Ала-Арча дарыясында болгон.
Куткаруучулар чөгүп бара жаткан адамды суудан чыгарып, өмүрүн сактап калышты.