БИШКЕК, 30-июль — Sputnik. Кытайдан чыгып, Кыргызстанга кирип жаткан оор жүк ташуучу автоунаалардын кезеги салыштырмалуу түрдө тартипке келип калды деп билдиришти ТИМден.
Аталган ведомствонун маалымат кызматы бейшемби күнү Аскар Бешимов кытай элчиси Ци Даюй менен жолукканын билдирди.
Анда тараптар мамлекеттердин ортосундагы саясий ишенимдин деңгээлин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара кызматташуунун өнүгүшүн талкуулады. Бешимов менен Даюй оор жүктөрдү ташуучу автоунаалар маселесинен сырткары, Атамбаевдин сентябрда Кытайга Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чарага бара турган сапарын сүйлөштү.