00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
12 миллион документ санарипке өттү: Юстиция министрлигиндеги жаңы реформалар
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Обучение кадров и внедрение ИИ: над чем усилят работу в ЕАЭС?
10:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
12 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сариев: динге жамынып жат көрүнүштөрдү жасагандар катуу жазаланат

Жазылуу
Премьер-министр салттуу исламдын баалуулуктарын кармануу жана кыргыз элинин салт-санаа, үрп-адаттарына жат көрүнүштөрдү динге жамынып таңуулоо аракетине каршы туруу зарылчылыгын айтты.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Диний радикалдашууга каршы бирге күрөш жүргүзүү зарылдыгын премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү диний кырдаал жана коопсуздук маселелерине арналган жумушчу жыйында билдирди. 

Өкмөт башчысы үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда террористтик топтун Бишкектеги аракети Кыргызстандагы терроризмге жана диний радикализмге каршы күрөш, коопсуздук, диний агартуу маселелерин кайрадан карап чыгып, бул жаатта ишти күчөтүүнү талап кылганын белгиледи.

"Буга чейин диний радикализмдин коркунучтары бизден алыстай сезилсе, учурда өлкө коопсуздугуна коркунуч туудура баштады. Буга интернетте тарап жаткан ар кыл тасмалар мисал боло алат. Ошондуктан мамлекеттик бардык органдар, коомчулук бул коркунучка каршы туруп, бирге күрөшүү абзел", — деди Сариев.

Джихадист аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев экстремизм менен терроризм үчүн кылмыш жазасын катаалдантты
Муну менен катар премьер-министр салттуу исламдын баалуулуктарын кармануу жана кыргыз элинин салт-санаа, үрп-адаттарына жат көрүнүштөрдү динге жамынып таңуулоо аракетине каршы туруу зарылчылыгын айтты.

Жыйын соңунда катышуучулардын бирдиктүү аракети менен жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, укук коргоо органдарына экстремисттик жана террористтик күчтөргө каршы күрөштү күчөтүү жана жазаларды күчөтүү, мечиттерди курууда мамлекеттик каттоого алууну иретке келтирүү тапшырмасы коюлду.

Ошондой эле 2014-жылдын 14-ноябрында президенттин жарлыгы менен бекитилген диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча концепциянын аткарылышын карап чыгуу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0