Ысык-Көл районунда паспортсуз 1700 жашоочу биометрикалык каттоодон өткөн эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда Тоң районунда 25 миң туруктуу жашоочунун 23 миңи, ал эми балыкчылыктардын 80 пайызы каттоодон өткөнү маалым болду.

БИШКЕК, 25-июль — Sputnik. Акимдерди кызматтан алуу биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча иштей албаган жетекчилерге карата көрүлгөн чаралардын башы гана экенин биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ысык-Көлгө болгон иш сапары учурунда белгиледи.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, биринчи вице-премьер Балыкчы шаарында Ысык-Көл жана Тоң райондорунун активи менен жолукту.

Ысык-Көл районунун акими Раимбек Имангазиевдин айтымында, аймакта 16 жаштан жогорку курактагы 42 миң адам жашайт. 

"Анын 34 миң 830у биометрикалык каттоодон өткөн. Буга ички-тышкы миграцияда жүргөн, паспорту жок же 1994-жылкы "көк паспорттуулар" кирген жок. Аймакта туруктуу жашап, бирок каттоодон өтпөгөндөрүн 770 адам эски үлгүдөгү паспорт менен жүрсө, 1 700 кишинин таптакыр паспорту жок. Августтун аягына чейин биометрикалык маалымат чогултууну аягына чыгарабыз", — деди аким.

Жолугушуу учурунда Тоң районунда 25 миң туруктуу жашоочунун 23 миңи, ал эми балыкчылыктардын 80 пайызы каттоодон өткөнү маалым болду. 

"Уюштуруучулук жөндөмдүн жоктугунан жана кайдыгер мамиледен улам, премьер-министрге Талас районунун акимин жана Баткен шаарынын мэрин кызматтарынан алуу сунушу менен кайрылдым. Бул биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча иштей албаган жетекчилерге карата көрүлгөн чаралардын башталышы гана", — деди биринчи вице-премьер.

Сарпашев жергиликтүү бийликке маалымат чогултууну 15-августка чейин аяктоону тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0