Баткенде кыргыз-тажик аскерлери чек арадагы чатактарды жөнгө салууга машыкты

© пресс-служба ГПС КРЧек ара кызматкерлери. Архив
Чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машыгууну уюштурган КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети биргелешип машыгуу өткөргөнү башкы өзгөчөлүк экендигин айтышты.

БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Баткен облусунда командалык-штабдык "Бөгөт – 2015" деп аталган окуусунда аскерлер мамлекеттик чек арадагы чыңалган кырдаалды жөнгө салуу, чектешкен өлкөнүн элин чыгаруу жана куралдуу бандалык топторду жок кылуу боюнча машыкты. 

Машыгууда КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы, КРдин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин кызматкерлери, аскерлери биргелешип издөө иштерин, куралдуу мыйзамсыз топторду жоюуну жана ага бөгөт коюуну көрсөтүштү. 

"Машыгуунун сценарийи мамлекеттик чек аралардагы бүгүнкү реалдуу жагдайга болушунча жакындатылып түзүлгөн. Атайын аскердик даярдыктагы бөлүктөр Башкы штаб менен Мамлекеттик чек ара кызматынын карамагындагы аскердик, атайын аба жана жерде жүрүүчү заманбап техникаларды колдонушту",— деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан.

Көз мергенчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аскер күчтөрү Баткен чек арасында машыгуу өткөрөт
КРдин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев "Бөгөт – 2015" чек ара отряддарынын аскердик жайгдайларда башка күч органдары менен өз ара аракеттенип иш алып баруусунун дагы бир ирет бекемделип, жөнгө салынгандыгын белгиледи.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Райымберди Дүйшембиев КРдин аталган кызматы менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети биргелешип машыгуу өткөргөнү башкы өзгөчөлүк экендигин айтты. 

"Машыгууларга катышуу – чек арачылар үчүн жакшы практика, анда биздин аскерлердин ишинде кездеше турган жагдайларга көнүгөт", — деди Дүйшембиев.

Командалык-штабдык тактикалык машыгуулардын биринчисинде Бишкектен туруп он-лайн ыкмасы менен Баткендеги чек ара отряддарынын полигондо жайгашкан бөлүктөрүнүн даярдыгы көрсөтүлгөн. Ага Башкы штабдын жана Чек ара кызматынын жетекчилери, Коргонуу кеңешинин, өкмөттүн аппаратынын, ЕККУнун мүчөлөрү катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0