БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. Ош шаарында Синьцзян-Уйгур автономдуу облусунун экспортко ылайыкталган товарларынын көргөзмөсү башталды. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.
Жармаңкеге айыл чарба техникалары, жеңил өнөр жай товарлары, жарыктандыруучу каражаттар, радиоэлектроника жана үй-тиричилигине керектүү буюмдар коюлду.
Жармаңке 25-июлга чейин уланмакчы.