БИШКЕК, 20-июль — Sputnik. Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш айылынын тургуну Талас Токтобаевдин үйүнүн ичинен жана айланасынан суу чыгып, мындан улам жер көчкү коркунучу жаралып жатканын ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда Талас Токтобаевди турак жайынан убактылуу көчүп чыгышы тууралуу ӨКМ тарабынан эскертилди.
Кырдаалды жеринде көрүп, чечим кабыл алуу үчүн аталган министрликтин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментине райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысынын каты жөнөтүлдү.