Үйдүн болгон дубалдары эле калган. Василенконун үй-бүлөсү азырынча туугандарыныкында жашап жатат. Анын жети айлык боюнда бар. Ал өкмөт турак-жай маселесин чечип, келтирилген чыгымдарды төлөп берет деп ишенет.
Анын айтымында, алардан башка дагы беш үй-бүлө да ушундай эле акыбалда турушат.
Бейшемби күнү Бишкек шаарында контртеррористтик операция болуп, анын жыйынтыгында төрт согушчан жок кылынып, жети киши кармалганын УКМК билдирди.