УКМКнын тез жардам кызматынын унаасы аварияга кабылып, үч киши жаракат алганын медициналык тез жардам кызматынын дарыгери Майрам Утурукеева Sputnik сайтына билдирди. 16-июлда Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. УКМКнын тез жардам кызматынын унаасы атышуу болгон аймакка баратып, Хонда үлгүсүндөгү машина менен кагышып, ала салып кеткен.
Майрам Утурукееванын айтымында, жабыркаган үч жарандын экөөсү ооруканага кайрылуудан баш тарткан.
Дарыгерлер 42 жаштагы Ибраевди ооруканага жаткырышканын, ал Ала-Тоо жаңы конушунда жашай турганын дарыгер кошумчалады.