Ош: аэропорттон Сирияга беш жашар баласы менен кетип жаткан үй-бүлө кармалды

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүСириянын желеги. Архив
Сириянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлөнү Сирияга азгырган 54 жаштагы аял аэропорттон кармалып, УКМКнын Ош шаарындагы СИЗОсуна камалды.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Ош эл аралык аэропортунан 9-июлда Сирияга кетип жаткан бир үй-бүлө жана аларды жөнөтүп жаткандар кармалды.

ИИМ Сирияга соңку учурда чыгып кеткен 4 кишинин аты-жөнүн аныктады
УКМК маалымат кызматы аталган комитет ИИМ менен биргеликте Сирияга жөнөтүп жаткан каналды аныктап, анын курмандыгы болуп кетип жаткандарды токтоткондугун билдирди. 

Маалыматта алардын улуусу 60, ал эми кичүүсү 5 жашта, кетип жаткандардын дагы экөөсү 29 жана 16 жашта болгондугун билдирилген. Өздүк булактардын айтымында, кетип жаткан үй-бүлө Араван районун жашоочулары болгон.

"Ош аэропортунан кетип жаткандар менен кошо аларды коштоп, жөнөтүп жүргөн үч жаран кошо колго түшүрүлдү", — деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы. 

Үй-бүлөнү Сирияга азгырган 54 жаштагы аял УКМКнын Ош шаарындагы СИЗОго камалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0