БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Стратегиялык Ту-95 аскердик учак Хабаровск аймагында кулап түшкөнүн РИА Новости күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына шилтеме берүү менен билдирди.
"Ту-95 учагынын жети кишиден турган экипажы учактан секирип кеткенге үлгүргөнү тууралуу билдирүү келип түштү", — деп билдирди ал адам.
Анын айтымында, учак кулап түшкөн аймак аныкталууда, издөө иштерин Ан-12 менен жасалууда.
Россиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, Хабаровск аймагына кулап түшкөн стратегиялык Ту-95 үлгүсүндөгү бомба таштагыч аскерий жабдууларысыз учуп жүргөн.