Аймактардагы жылуулук системасын кореялык ишкана жаңыламакчы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖылуулук системасы. Архив
Жылуулук системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын жана Каракол шаарларындагы жылуулук менен камсыздаган ишканаларга заманбап буу казандары орнотулмакчы.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдөгү жылуулук менен камсыз кылуу системасын жаңылоого ниеттенип, кореялык компания менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында D&G Co. Ltd компаниясы менен аталган министрлик отун-энергетикалык тармакта кызматташмакчы. Кореялык компания Нарын жана Каракол шаарларындагы жылуулук менен камсыздаган ишканаларга заманбап буу казандарын орнотот.

Жаңылыктар түрмөгү
0