БИШКЕК, 12-июль — Sputnik. Кыргыз улутундагы жарандардын саны башка улуттарга салыштырмалуу 72,8 пайызды түзөрүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, 2009-жылдан бери бул көрсөткүч эки пайызга жогорулаган.
Орус улутундагы жарандардын саны, тескерисинче, 6,4 пайыздан 6,2 пайызга кыскарган. Бул акыркы алты жыл аралыгындагы көрсөткүч.
Өзбек улутундагылардын саны өзгөрүүсүз – 14,5 пайыз боюнча калган. Саны боюнча өзбектер Кыргызстанда жашаган этностордун ичинде экинчи орунда турат.
Дунган улутундагы жарандар жалпы калктын 1,1 пайызын, тажик менен уйгурлар 0,9, түрктөр 0,7, казактар 0,6 пайызды түзөт.