Ош: жаңыланган от казандар абалга аралжы боло албай жатканы мэрдин жинин келтирди

© пресс-служба мэрии города ОшОш: жаңыланган от казандар абалга аралжы боло албай жатканы мэрдин жинин келтирди
Ош: жаңыланган от казандар абалга аралжы боло албай жатканы мэрдин жинин келтирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадырбаев дебитордук карызды чогултуу үчүн, ар бир аймактык кеңештердин төрагаларын, кварталдык комитеттерин көмөктөшүүгө чакырды.

БИШКЕК, 11-июль — Sputnik. Ош шаарынынын мэри "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасынын жетекчисине абоненттердин карызын жыйнай албай жаткандыгы үчүн эскертүү берип, ишти тездетүүнү тапшырды. 

Ош мэриясынын жыйынында коммуналдык кызматтарга болгон дебитордук карыздардын абалын, анын ичинен "Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасынын дебитордук карызы 27 миллион сомдон ашып кеткендиги талкууланды. 

Жыйында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев аталган ишканасынын жетекчиси Рысбек Нурдинов тиешелүү деңгээлде иш алып бара албай жаткандыгына нааразы болду.

"Бул деген ишке болгон салкын мамиленин белгиси. Сиздерди кыйналбай иштесин деп былтыр 13 жаңы от казанды ишке киргиздик. Быйыл совет доорунан калган от казандарды толугу менен жаңылайбыз деп аракет кылып жатсак, сиздер саткан өз товарыңыздардын акчасын жыйнай албай отурганыңар эмне деген көрүнүш", — деди Кадырбаев.

"Жылуулук менен камсыздоо" муниципалдык ишканасына карыздарын төлөбөгөн абоненттерге сот расмий чечимин чыгарган. 

"Дебитордук карыздарды кыскартуу максатында "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык ишканасы тарабынан карыздарды убагында төлөбөгөн 192 абоненттин үстүнөн доо иштери Ош шаардык сотуна өткөрүлгөн. Анын ичинен 102 абоненттен азырынча 183 миң сомдон ашыгы өндүрүлдү. Калгандарынын үстүнөн сот аткаруучулары иштеп жатат", — деди Ош шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы Урали Раманов билдирди. 

Кадырбаев дебитордук карызды чогултуу үчүн, ар бир аймактык кеңештердин төрагаларды, кварталдык комитеттерди көмөктөшүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0