Чек арадан ок-дары ташып бараткан казак жараны кармалды

© пресс-служба ГПС КРКармалган жарандын ок-дарысы. Архив
Кармалган жарандын ок-дарысы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Toyota Camry" автоунаасы менен 40 даана ок-дары алып өтүп бара жаткан чет элдиктин иши УКМКга өткөрүлдү.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Кыргызстандык чек арачылар кыргыз-казак "Токмок-автодорожный" текшерип-өткөрүү пунктунан ок-дары алып кетип бараткан казак жаранын кармады. Бул туурасында мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

"Токмок-автодорожный" чек ара пунктунан Казакстандын атуулу "Toyota Camry" автоунаасы менен 40 даана ок-дары алып өтүп бара жаткан жеринен кармалды", — деп билдирди аталган ведомствонун маалымат кызматы. 

Кармалган киши Кыргызстандан Казакстанга өтүп бара жаткан. Андан ок-дарылар алынгандан кийин тиешелүү документтер толтурулуп, иш УКМКга өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0