БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Бүгүнкү күндө Батыш өлкөлөрү Россияга каршы жүргүзгөн "маалыматтык согуштан" утулуп жатканына абдан тынчсызданууда деп жазат The Guardian гезити.
Макаланын автору Россия куру-бекер өзүн көкүрөккө койгулабастан, жөн гана Батыш менен болгон карама-каршылыктарында анын мүмкүнчүлүктөрүнө чек коюп койгонун белгилейт. Журналисттин белгилөөсүндө, мындай аракеттери менен Россия бир топ ийгиликтерге жетишкен.
The Guardian басылмасынын баамында, буга Батыштын маалымат каражаттары да күнөөлүү, анткени терең ойлонулган, салмактуу аналитиканын ордуна көп учурда ЖМК өкүлдөрү жалган нерселерди жайылтууга басым жасашат.
Бүгүнкү күндө Европа биримдигинин күчү менен East StratCom Team бөлүмү ачылуу алдында турат. Бөлүм ЕБ өлкөлөрүндө жана Украина, Белоруссия, Молдова жана Россия аймактарында батыш баалуулуктарын пропагандалоо иштерине жооп берет. Автордун сөзү боюнча, аталган структура ири масштабдуу маалыматтык согуштун чордонунда калбашы үчүн этияттык менен иш алпаруусу керек.
НАТО – Европа өлкөлөрү, АКШ жана Канада мамлекеттери кирген аскердик-саясий уюм.