БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев биометрикалык маалыматтарын тапшырганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын жарандарын эсепке алууга жана каттоого жаңы технологияларды киргизүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишиндеги ачык-айкындуулукту жогорулатууга, социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди бөлүштүрүүдө системалык коррупцияны жоюуга, ошондой эле калыстыктын принциптерин, анын ичинде шайлоолорду өткөрүү процессинде калыстыкты сактоого өбөлгө болууга тийиш деп эсептейт.
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылдын августунда башталган. 16 жаштан жогору болгон бардык жарандар бармак издерин, санарип сүрөтүн жана электрондук кол тамгасын тапшырууга милдеттүү. Маалыматтарды чогултуу 2015-жылдын 1-августунда аяктайт. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 3 миллион 641 киши жеке маалыматтарын тапшыруусу керек деп болжонууда.