Кызыл жарык, сокку жана чаң – Эркиндик бульварындагы жол кырсыгы

Жазылуу
Үч жол тандабас катышкан жол кырсыгы шейшемби күнү эртең менен Фрунзе көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде катталды.

Окуяга күбө болгон Мухтар Шайкеевдин айтымында Тойота Ланд-Крузер автоунаасы Фрунзе көчөсү менен келе жатып, кызыл жарыкка карабай жолдон өтүп, бульварда кетип бараткан БМВ Х-5 автоунаасын сүзгөн.

"Кагышкандан кийин Х-5 айланып барып, жол жээгинде турган Тойота Рав-4 автоунаасын барып какты. Анын ичинде бир аял бар экен",  — деди Шайкеев.

Окуя болгон жерге жол кайгуул кызматынын кызматкерлери келип, кырсыктын чоо-жайын аныкташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0