Атамбаев Обаманы АКШнын эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

© REUTERS / Jonathan ErnstАКШ президенти Барак Обама. Архив
АКШ президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президенти Алмазбек Атамбаев АКШнын президенти Барак Обаманы эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев АКШнын президенти Барак Обаманы эгемендүүлүктүн 239-жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө президентинин куттуктоосунда демократияны, коопсуздукту, экономиканы жана жарандык коомду өнүктүрүүдө кыргыз-америка кызматташтыгы жогорку деңгээлге келгени айтылат.

Атамбаев Обамага мамлекеттик ишинде ийгилик, америка элине бакыбаттуулукту каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0