БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын түштүк аймагынын офицерлери маалымат каражаттары менен иштешүүгө үйрөнө тургандыктарын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара ОБСЕ тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте "КР өкмөтүнө 2015-жылы чек ара коопсуздугу чөйрөсүндөгү аймактык кызматташуу багытында колдоо көрсөтүү" долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.
Тренингдин негизги максаты — Чек ара офицерлеринин чек ара коопсуздугунда бирдиктүү маалымат саясатын жүргүзүүсү үчүн коммуникациялык өз ара байланыштын деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Маалыматка ылайык, офицерлер кырдаалга ылайык интервью берүү, брифинг, скайп-сессия, ток-шоу уюштуруунун ыкмаларын иш жүзүндө өйрөнүштү.