БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев өкмөт жыйынында мектеп окуучулары каза болгон кырсык үчүн Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаевага жана Ала-Бука районунун жетекчилигине сөгүш берди.
Буга чейин Жалал-Абад облустук ИИБ дүйшөмбү күнү саат 19.00дө Ала-Бука районунун борборун көздөй бараткан Honda Odissey унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Натыйжада үч жүргүнчү каза болуп, жаракат алган айдоочу менен калган алты киши аймактык ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк ооруканадан дагы бир адам көз жумган.
Сариевдин айтымында, сөгүш Ала-Бука районунун акимине жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерине берилди.
Премьер-министр Билим берүү жана Ички иштер министрликтеринин балдар коопсуздугуна жоопкер башка кызматкерлерине да чара көрүүнү талап кылды.