БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Кадамжай сурма комбинатынын жана Кызыл-Кыя тамеки ферментациялык заводунун ишин жандандырууну тапшырганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Сариев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай сурма комбинатынын учурдагы абалы менен таанышып, андагы жумушчулар менен баарлашты.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, комбинат мамлекет алдындагы милдеттерин аткара албай, мамлекеттик органдарга 60 миллион сомго жакын карыз болуп калган.
Мындан улам Сариев 20-июлга чейин Баткен облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кадамжай районунун акимине аталган инвесторлор менен заводду толук кандуу иштетүү үчүн иш-планын даярдап чыгууну тапшырды.
"Биз сиздерди колдоого даярбыз, бирок инвестор мамлекет алдындагы мыйзамдуу милдеттенмелерин аткаруусу тийиш. Эгерде көрсөтүлгөн убакытта тийиштүү план иштелип чыкпаса, комбинатты банкрот деп жарыялап, сырткы башкаруучу киргизүүгө мажбур болобуз", – деп эскертти премьер-министр.
Андан соң өкмөт башчы 2012-жылдан бери токтоп турган Кызыл-Кыя шаарындагы тамекини ферментациялоочу заводдун абалы менен таанышып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте заводду өнүктүрүүнүн келечек программасын иштеп чыгуусун тапшырды.
Премьер-министр бүгүнкү шартты эске алуу менен заводдун ишине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, заводдун алкагында заман талабына жооп берген ар түрдүү багыттагы кичи ишканаларды түзүү керек.