БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмиль Аксамаев өз каалоосу боюнча кызматтан кетүү боюнча жазган арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда бошотулганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койду, ал кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.