БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Милиция кылмышкерлерди издеп жатат. Ички иштер министрлигинин маалыматында, алар куралданган кылмышкерлер. Буга чейин министрликтин маалымат кызматы “Сирена” деп аталган операцияны жарыя кылып, “белгисиз кылмышкерлерди издеп жатканын” билдирген. Тагыраагы, Бишкектеги Токтогул-Исанов көчөлөрү курчоого алынган.
ИИМдин маалымат кызматынан Sputnik маалымат сайтына милиция куралданган кылмышкерлерди издеп жаткандыгын билдирди.
Күбөлөрдүн айтымында, аталган райондо кечки саат тогуздарда куралдын атылганы угулган. Анткен менен азырынча ИИМ бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.