БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунан Бишкек-Стамбул багытындагы учак менен 28 килограмм алтын, 3 килограмм күмүш алып кетүүгө аракет кылган КР жараны кармалды. Бул туурасында Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аткезчилик менен алынып бараткан алтын менен күмүш бажы текшерүүсү учурунда аныкталган. Учурда тергөө иштери улантылууда.