00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат: өкмөт клиника куруу маселесинде эмнеге кылчактап жатканы белгисиз

© Sputnik / Юрий Стрелец / Медиабанкка өтүүРабота Самарского областного клинического онкологического диспансера
Работа Самарского областного клинического онкологического диспансера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин мындан эки жыл мурдагы Түштүк Кореяга жасаган сапарынын алкагында КРге оорукана куруу боюнча келишим түзүлүп, бирок аталган маселе кыргыз тараптын кечеңдеткенинен улам чечилбей келет.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Түштүк Корея өкмөтү жеңилдетилген насыя менен көп тармактуу заманбап клиника куруу боюнча долбоорду кароого даяр, бирок кыргыз өкмөтү маселени кечеңдетип жатат. Бул туурасында ЖК депутаты Замирбек Алымбеков билдирди.

Депутаттын айтымында, 2013-жылы президент Алмазбек Атамбаев Түштүк Кореяга иш сапары менен барганда кол коюлган бир нече келишимдин ичинде жардам иретинде корея тараптын оорукана куруп берүүсү жөнүндө макулдашылган. Корея тарап буга макул, бирок кыргыз тараптан эмнегедир жооп боло элек.

"Өкмөт долбоорлорду, кандай социалдык объектилер курулуш керектигин тактап арызын бериши керек эле, ошого биздин өкмөт жарабай жатат. Экономика министрлигинин алдында Координациялык кеңеш түзүлгөн экен, анда карап, бир нече негизги долбоорду макулдашып, чечимдин негизинде сунуштайбыз деп эки жылдан бери сүйрөп келишет. Менин пикиримде, бул жерде бардыгы жоопкерчиликтен качып жатышат", — деди Алымбеков.

Июндун башында депутаттык топ барганда кореялык экспорттоо-импорттоо банкынын өкүлдөрү менен жолуккан.

"Алар бизге расмий документ берсеңер, карасак болот эле дешти. Өкмөттүн бул ишти башташына эмне тоскоол болуп жатканы мага да түшүнүксүз. Өкмөт башчысы Темир Сариевге да кирип айттык. Эгерде бир ай ичинде эч тыянак болбосо, президентке кирели деп жатабыз", — деди депутат Алымбеков. 

Архив: городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Инчхондук инвесторлор Бишкекте заманбап клиника салууга ниеттенип жатышат
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев министрлик медициналык мекемелерди куруу маселелерин гранттык багыт боюнча гана карай аларын, ал эми насыялык жана башка инвестициялык долбоорлор боюнча КРдин Экономика министрлиги алектенерин айтты. 

Түштүк Корея оорукананы жеңилдетилген кредит менен эки жыл ичинде куруп берүүгө макул. Депутаттын айтымында, кредитти 40 жылга 0,01 пайыз менен алуу сүйлөшүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0