Конкурска 47 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Финалга Кыргызстан, Кытай, Сербия, Армения, Молдова, Казакстан жана башка мамлекеттерден 16 катышуучу өттү. Биринчи орунду хакасиялык ырчы Екатерина Кележекова ээлесе, экинчи орунга башкыртстандык Зилия Бахтиева менен кыргызстандык дуэт "Асман" татыктуу болду. Үчүнчү орунду Кытайдан келген Саранхуар алды. Ал эми көрүүчүлөрдүн купулуна толгон топ деп хакасиялык "Хаалаг" тобу табылды.
Улуттук ырлардын "От ыры" конкурсу үч жылда бир өтөт.