БИШКЕК, 21-июнь — Sputnik. Таш-Дөбөдөгү жайлоо бала бакчасында 22-июнда Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" кинотасмасы көрсөтүлөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун маалымат кызматы билдирди.
Аталган фонд өнөктөштөр менен биргеликте бул жайда өлкө боюнча 85 жайлоо бала бакчасын ачууну пландап жатат.
Океевдин "Бакайдын жайыты" деп аталган бул шедевр картинасы бардык жайлоо бала бакчаларда көрсөтүлөт. Бул акция улуу кинорежиссер Океевдин жакындап келе жаткан 80 жылдык юблейин утурлай жасалууда. Маданий иш-чарага Океев атындагы фонд, Маданият, маалымат жана турзим министрлигинен өкүлдөр, жайлоо бала бакчасы долбоорунун өнөктөштөрү катышат.