Муфтий: орозо учурунда оозду суу менен чайкаса болот

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМечиттин ичинде. Архив
Мечиттин ичинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Максат ажы Токтомушев орозо кармоонун эрежелери боюнча маалымат берди.
Муфтий: орозо учурунда оозду суу менен чайкаса болот

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев орозо кармоонун айрым эрежелерине токтолуп, Sputnik сайтынын кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, бардык орозо кармаган мусулмандар муфтият белгилеген убакыт боюнча ооз бекитип, ооз ачышы керек.

"Саат таңкы 3:00гө чейин оозду жабуу керек деген чечим Муфтият жана Уламалар кеңеши менен биргелешип кабыл алынган. Азыр технологиянын өнүккөн маалы. Анын жардамы менен канчада таң атат, кайсыл убакта күн батат так билсе болот. Биз да ошолорго таянып туруп чечим чыгарганбыз. Белгиленген убактан өткөрбөш керек", — дейт муфтий.

Оозду жапкандан кийин шилекейди жутпай аны түкүрүш керек дегендер бир аз жаңылып жатканын Максат ажы баса белгиледи.

"Шилекейди жутса, жуунса болот. Андан сырткары ысыктын күнүндө оозду чайкап турса да болот. Бирок, суунун кекиртекке өтүп кетишине жол бербөө керек", — деди ал.

Токтомушев ысыктын күнүндө көңүлү айланып кусса оозу ачылбай турганын, ал эми атайылап кусса оозу ачылып кала турганын түшүндүрдү.

Эгер ооздон жагымсыз жыт чыкса ага кыжаалат болбош керектигин белгилеген муфтий, ал ооздон эмес ашказандын боштугунан чыккан жыт экенин айтты.

"Ал жагымсыз жыт Алла Тааланын алдына барганда эң жыпар жыттанган жыт болот", — дейт Токтомушев.

Орозо айт 17-июлда майрамдалат
Оозду жапкандан кийин тиш пастасы менен эмес, жөн эле щетка менен жууп койсо болорун ал кошумчалады.

Орозо маалында таң аткандан күн батканга чейин тамак ичкенге жана ак никесиндеги аялына кошулганга болбойт.

Быйыл битир садага Кыргызстандын аймагындагы буудайдын баасын эске алуу менен бир киши үчүн 40 сом деп белгиленгенин Максат ажы Токтомушев билдирди. Колунда бар кишилер көңүлүнөн чыккан нерсесин берем десе чектөө коюлбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0