БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абылгазиев пенсиялардын бир катар түрлөрүн жогорулатуу үчүн Пенсиялык фонддон 845 миллион сом керектелерин өкмөттүн жыйынында билдирди.
"2015-жылдын 1-сентябрынан тарта 40 жылдан ашык эмгек күнү бар эркектердин, 35 жылдан ашык эмгек күнү бар аялдардын жана 1-топтогу майып пенсионерлердин пенсиясын 500 сомго жогорулатуу каралган. Бул үчүн Пенсиялык фонддон 845 миллион сом керектелет", — деди Абылгазиев.
Соцфонддун жетекчиси жыйында буга каражат каралгандыгын билдирип, ал боюнча чыккан токтомду өкмөт мүчөлөрү колдоду.