Соттор кеңеши биометрика маселеси үчүн Сооронкулованы сот кызматынан бошотууну чечти

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСоттун балкасы. Архив
Соттун балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронкулова биометрикалык маалымат чогултуу Баш мыйзамга туура келбей тургандыгы жөнүндө чечим даярдап жатканынан улам процесстен алынып калдым деп эсептейт.

БИШКЕК, 18-июнь — Sputnik. Кыргызстандын Соттор кеңеши өлкө башчысына Конституциялык палатанын соту Клара Сооронкулованы кызматтан четтетүү боюнча сунуш менен кайрылуу чечимин кабыл алды. 

Соттор кеңешинин башчысы Жакып Абдрахмановдун айтымында, кеңеш Баш мыйзамдын "Соттук өзүм билемдик уюштуруу" каралган тогузунчу жана "Судьялардын статусу жөнүндөгү" 28-29-беренелерге таянган.

"Соттор кеңеши Конституциялык палатанын соту Сооронкуловага карата кызматтык жаза иретинде ээлеген ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чарасын карап, ал чечимди Жогорку Кеңешке сунуштоо үчүн өлкө башчысына жиберүүнү туура көрдү", — дейт Абдрахманов.

Буга чейин Конституциялык палата Токтайым Үмөталиева менен Нурбек Токтакуновдун республикада биометрикалык маалыматтарды чогултуунун мыйзамсыздыгы тууралуу кайрылуусун караган. Аталган жыйын Сооронкулованын төрагалыгы алдында өткөн.

Статуя древнегреческой богини правосудия Фемиды на фасаде здания. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Сот: калктын биометрикалык маалыматын чогултуу жөнүндөгү мыйзам – Конституцияга каршы
Судья кайрылуу жазгандардын тууганы болот деген өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Света Болжурованын дооматынын негизинде жыйындан четтетилген.

Сооронкулова биометрикалык маалымат чогултуу Баш мыйзамга туура келбей тургандыгы жөнүндө чечим даярдап жатканынан улам процесстен алынып калдым деп эсептейт. Конституциялык палатанын мүчөлөрү жаңы дайындалган сот Айсалкын Нарынбекова материал менен таанышып бүткүчө токтото турууну чечишти.

Республикада биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылдын август айында башталган. 16 жаштан жогорку курактагы жарандар манжа тактарын, санарип сүрөт жана кол тамгасын тапшырууга тийиш. Чогултуу иш-чарасы 2015-жылдын 1-августунда аяктайт. Жалпы жонунан жеке маалыматты 3 миллион 641 миң адамдан алуу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0