Кыргызстандыктардын дарбазасына алгачкы голду оюндун экинчи мүнөтүндө Австралия командасынын капитаны Мил Единак киргизди. Экинчи таймда австралиялык чабуулчу Том Оар өзгөчөлөнө алды. Ошол эле таймдын акыркы мүнөттөрүндө кыргыз командасынын капитаны Азамат Байматов атаандаштын дарбазасына гол киргизди.
Бул беттешүүнүн натыйжасында Кыргызстандын курама командасы Австралия командасынан 1:2 эсеби менен утулду.
Эки оюндан кийин Кыргызстан үч упайга ээ болду. Биринчи айлампада эми биздин команда Тажикстан жана Иордания командалары менен беттешет.
Үстүдөгү жылдын июнь айында Россияда 2018-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу үчүн Азиядагы тандоо турнири башталган.
Кыргызстандын курама командасы В тобуна кирип, Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш командалары менен ат салышмакчы.

Кыргызстандын курама командасы башынан эле жеңишке ишенген, ал эми күйөрмандар оюнчуларды кызуу колдошту.

Кыргызстандын гимни ар бир оюнчуну да, күйөрманды да абдан толкундатты.

Күйөрмандардын "Кыргызстан" деп айгайлаган урааны стадионду титиретип турду.

Үстүңкү кармаш – оюндан бир көрүнүш.

Оюндагы жалгыз сары карта Кыргызстандын оюнчусуна тийди.

Кыргыз командасынын оюнчусу Даниэль Таго үстүңкү кармаштан кийин жыгылып түштү.

Кыргыз оюнчулары австралиялыктардын дарбазасына бир нече ирет чабуул жасаганы менен, көп ыңгайлуу учурду колдон чыгарып жиберишти.

Австралиялыктардан коргонууда да жогорку чеберчиликти көрсөтүштү.

Австралия командасынын чабуулчусу Том Оар экинчи таймда солдон топ тээп, команданын эсебин көбөйтө алды.

Кыргызстан курама командасынын дарбазачысы Валерий Кашуба оюнга топ киргизүүдө.

Австралиялыктарга кыргызстандык команданын коргонуусунан өтүү оңой болгон жок.

Кыргыз командасынын коргоочулары дарбаза алдынан соккулардын мизин кайтарып...

...дароо чабуулга өтүп жатышты.

Экинчи таймдын акыркы мүнөттөрүндө кыргыз командасынын капитаны Азамат Байматов атаандаштын дарбазасына топ киргизди.

Арбитр кыргыз дарбазасына айып топторду байма-бай чегерип жатты.

Кыргызстандын курама командасы оюн учурунда бир нече ирет топко ээ болуунун чеберчилигин көрсөтүп, чабуулга өтүп жатты.

Австралиялыктар күйөрмандардын мынчалык колдоосун, ал эми кыргызстандык футболчулардан мындай каршылыгын күтпөгөн окшойт. Атаандаштардын капитаны ыраазычылык билдирүүдө.