Июнь айында бензиндин баасы 12%га көтөрүлүшү мүмкүн

Жазылуу
Учурда күйүүчү майдын баасы жогорулашы байкалууда. Буга россиялык заводдордун бааны көтөрүшү, сезондук фактор жана россиялык күйүүчү майдын Казакстанга кең-кесири киргизилиши себеп болууда.

БИШКЕК, 15-июнь — Sputnik. Июнь айынын аралыгында күйүүчү-майлоочу каражаттардын баасы 12 пайызга жогорулашы мүмкүн экенин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Автоунаага бензин куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулов: жайында бензиндин бардык түрү 1,5 сомго кымбаттайт
Учурда күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы байкалууда. Бишкекте Аи-80 маркасындагы бензиндин наркы акыркы сутканын ичинде бир сомго кымбаттады. Бензиндин ушул эле түрүнө болгон баа Ош, Жалал-Абад облустарында 0,5 сомго жогорулады. Аи-92 борбор калаада, Чүй, Ош, Баткен облустарында 0,5 сомго кымбаттаса, Жалал-Абадда 1 сомго көбөйдү. Дизель майынын наркы Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарында бир сомго жогорулады.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча, күйүүчү майга болгон баа түрдүү себептерден улам кымбаттап жатат. 1-июндан тарта бензинге карата акциздик салыктын көлөмүн майдын бир тоннасы үчүн үч миңден беш миң сомго чейин көтөрүү боюнча өкмөттүн чечими ишке кирди. Мындан улам керектөөчүлөр үчүн майдын баасы 1,5 сомго кымбаттайт.

"Мындан тышкары, россиялык заводдор майдын баасын 5-10 пайызга көтөрүп жиберген. Буга жазгы талаа жумуштарынын да башталышы таасир тийгизүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, россиялык күйүүчү майдын Казакстанга кең-кесири киргизилиши баанын жогорулашынын дагы бир себеби болуп саналат. Тыюунун алынышы суроо-талаптын көбөйүшүн шарттоодо.

Ассоциация күйүүчү-майлоочу каражаттарга болгон баа июнь айынын аралыгында жогорулай турганын кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0