ӨКМ Бишкекте кайтадан катуу шамал болушу мүмкүндүгүн эскертет

Жазылуу
ӨКМ жарандарга коргонуу чараларын көрүүнү жана өзгөчө кырдаалдар учурунда 112 номерине кайрылууну кеңеш кылат.

БИШКЕК, 14-июнь — Sputnik. Бишкек шаарында кайтадан катуу шамал болушу мүмкүндүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте секундасына 12-24 метрге чейин жеткен шамалдын болуусу күтүлүп жатат. Ал жакынкы эки саатта Панфилов районунда башталып, борбор калааны көздөй келиши мүмкүн.

Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон шамал 70ке жакын үйдүн чатырын учурду
ӨКМ жарандарга коргонуу чараларын көрүүнү жана өзгөчө кырдаалдар учурунда 112 номерине кайрылууну сунуштайт.

Буга чейин 12-июнда кечинде ӨКМ ушундай эле эскертүү берген. Катуу шамал жогорку зонада жана Байтик айылында болгон. Ошондой эле, Чаекте (Жумгал району) шамалдын ылдамдыгы секундуна 22-24 метрге жеткен.

Дүйшөмбү күнү 9-июнда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда кечки саат сегиздер чамасында катуу шамал болуп, үйлөрдүн чатырларын учуруп, бактар сынып автомашиналарды басып калган болчу. ӨКМдин маалыматы боюнча шамалдын ылдамдыгы секундуна 25-27 метрге жеткен. Шамалдын кесепетинен сегиз машина жабыркап, 80ен ашык бак сынган.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0