БИШКЕК, 12-июнь— Sputnik. ИИМдин Ысык-Ата боюнча 10-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ок-дары көмүлгөн жер табылганын ИИМ маалымат кызматы билдирет.
Калашников автоматынын окторун жана эки гранатаны алгач жылкы издеп жүргөн жергиликтүү тургун Бишкек — Ысык-Ата жолунун 48-чакырымындагы аймактан таап алган. Чабан ок жана эки граната салынган кап көргөн.
Тургун табылгасы тууралуу милицияга кабар берген. Милиция кызматкерлери дароо ок-дары табылган жерге чыгышкан. Натыйжада 5,45 калибрлүү 1801 ок жана эки граната алып чыгышкан.
Милиция аймакты толугу менен изилдеп чыгышты. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.