Өмүрбеков: Көлдүн Бөрүбаш айылынын тургундары канализациянын суусун сугатка колдонууда

© Региональное управление инспекций по экологической и технической безопасности КРКаракол шаарындагы саркынды сууларды тазалоо жайы
Каракол шаарындагы саркынды сууларды тазалоо жайы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каракол шаарынан чыккан саркынды суулар биологиялык жактан тазаланбастан, сугат үчүн Ак-Суу районунун Бөрүбаш айылына берилип келет.

БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Ысык-Көлдөгү Бөрүбаш айылы Каракол шаарынан чыккан саркынды сууларды эч кандай тазалоосу жок эле жерлерди сугаруу үчүн колдонууга аргасыз болуп жатканын айыл башчысы Марат Өмүрбеков Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, шаардан чыккан саркынды сууларды тазалоочу жай өткөн кылымдын 60-жылдарында курулган. Союз кулаганга чейин татынакай эле иштеп, Каракол шаарынан чыккан суулар биологиялык жана химиялык тазалоодон өтүп, Бөрүбашы айылынын аймагындагы 54 гектар суу бассейнине топтолчу. Суу тундурулгандан кийин 30 пайызга 70 пайыз таза суу кошулуп, анан сугатка берилчү. Бирок, азыркы учурда андай аракеттер көрүлбөйт. 

"Караколдон чыккан суулар кандай келсе, ошол бойдон 54 гектар суу бассейнине куюлуп атат. Эч кандай таза суу кошулбастан, дыйкандардын жер үлүштөрүнө сугат суу катары берилет. Бул суу дыйкандардын жерлерин эрозияга дуушар кылууда. Сугаттан кийин эртеси күрөк сайсаң жерге кирбейт", — деп кейиди ал.

Сокулук районундагы көлмөлөрдө балыктар кырылууда
Мындан 6-7 жыл мурун 54 гектар суу бассейнинде балыктар жашап келсе, акыркы 3-4 жылда алардын баары кырылып калганын айткан айыл башчысы балыктардын болушу да суунун таза экенин аныктай турчу экологиялык индикаторлордун бири экендигин белгиледи.

Жугуштуу оорулардын жайылып кетүү коркунучу

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Каракол шаары, Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз райондору боюнча аймактык башкармалыктын жетекчисинин милдетин аткаруучу Клим Турдалиев саркынды сууларды тазалоочу жайдын иштөө найтыйжасы төмөн болуп атканын танбайт. 

"Саркынды сууларды биологиялык жактан тазалай турчу тазалагычтар иштебей жаткандыктан, микробдордон жугуштуу оорулардын жайылып кетүү коркунучу бар", — деди Турдалиев.

Кооптуу жагдайдын алдын алуу үчүн саркынды сууларды тазалоочу жайды тез аранын ичинде оңдоп, же башка куруш керектигин ал кошумчалады. Ошондой эле буга жоопкер болгон тараптар тез аранын ичинде чара көрүшү керектигин айтты.

"Тиешелүү чараларды жергиликтүү мэрия менен айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги көрүш керек. Булардын барын мониторингге алып, тез арада чечилүүгө тийиш болгон маселелерге приоритет бериши зарыл. Биз да ушундай сунуштарды бергенбиз", — деди ал.

Көйгөй чындап эле бар

Каракол суу канал башкармалыгынын жетекчиси Сабырбек Өмүрканов мамлекеттик инспекциянын айткандары туура экенин, чындыгында саркынды сууларды тазалоочу жайлар көйгөй жаратып жатканын белгиледи.

Каракол шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жай 1980-жылдары пайдаланууга берилген. Союз таркаганда ижарага өтүп, андан кийин 93-жылдары Каракол шаардык ишканасы түзүлгөндө анын балансына берилген. 

"Колдон-колго өткөндүктөн капиталдык оңдоо жүргүзүлбөй өтө начар абалга келди. Ушул күнгө чейин толук капиталдык оңдоодон өткөн жок. Суу тундуруучу жайлар, сууну механикалык жана биологиялык тазалоо курулуштары иштен чыгайын деп калды", — деди ал. 

Өсүмдүктөрдүн курамында химиялык кошулмалар жогору

Сокулукта ууланган сууларды адис газ камерасы менен салыштырды
Биологиялык жактан жакшы тазаланбагандыктан кир сууда өскөн помидор, бадыраң сыяктуу өсүмдүктөрдүн курамында химиялык концентрация жогору болушу ыктымалдыгын Сабырбек Өмүрканов айтат. Ал эми буудай, арпа дегендерге таасири анча болбой турганын кошумчалады. Бул жерде да эки анжы пикирлер бар. 

Бөрүбашы айылынын башчысы Марат Өмүрбековдун айтымында, тазаланбаган суу менен сугарылган жерге айдалган өсүмдүктөрдүн сапаты да начарлап, терс таасирин тийгизүүдө. Алардын курамында химиялык кошулмалардын көрсөткүчү жогору.

"Экология кызматкерлери лабораториялык анализдин жыйынтыгын бергенде өсүмдүктөрдөгү концентрация нормадан ашып кеткен. Өсүмдүктөрдө химиялык заттардын курамында көп экендиги аныкталган", — дейт ал.

Бирок, лабораториянын жыйынтыктарына карабастан, айыл тургундары айдаган өсүмдүктөрүн сатып эле келишет.

Канализациянын суусун дыйкандар сатып алат

Сугат үчүн колдонулган саркынды сууларды бөрүбашылыктар сатып алат. Бир гектар жерди сугаруу үчүн жылына 300 сом төлөнөт. Бөрүбаш аймагында 1650 гектар жер бар. Айыл башчынын айтымында, алар жылына жарым миллион сомдон ашык каражат кир сууну сордура турган насостук станцияга кеткен электр энергиясы үчүн төлөнөт.

© Региональное управление инспекций по экологической и технической безопасности КРКаракол шаарындагы саркынды сууларды тазалоо жайы
1/2
Каракол шаарындагы саркынды сууларды тазалоо жайы
© Региональное управление инспекций по экологической и техническо безопасности КРБул жай өткөн кылымдын 60-жылдарында курулган.
2/2
Бул жай өткөн кылымдын 60-жылдарында курулган.
1/2
Каракол шаарындагы саркынды сууларды тазалоо жайы
2/2
Бул жай өткөн кылымдын 60-жылдарында курулган.

Учурда саркынды сууларды тазалай турчу жайды оңдоп калыбына келтирүү аракеттери көрүлүп жатканын айткан Сабырбек Өмүрканов акыркы үч-төрт жылдан бери Азия өнүктүрүү банкы "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү долбоорун" каржылоонун үстүндө иштеп келе жатканын белгиледи. Бүгүнкү күнү саркынды сууларды тазалоочу жаңы жайды куруу иштеринин техникалык экономикалык негиздемеси бүткөн.

"Учурда аны үстүнөн иштеп жатышат. Акыркы версиясы чыккандан кийин биз да өз сунуштарыбызды беребиз. Балким, жаңы курулат же учурдагы тазалоочу жай оңдоодон өтөт", — деди ал.

Ушундай эле көйгөй Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында да бар. СССР маалында курулган саркынды сууларды тазалоочу жайлар союз тарагандан бери каралбай калган.

Балыкчы муниципалдык суу түтүктөр ишканасынын жетекчиси Ильич Тентимишов шаардан чыккан кир суулар тийиштүү деңгээлде тазаланбасын айтат. 

"Чындыгында саркынды сууларды тазалоочу жайлардын абалы начар. Суу керектүү деңгээлде тазаланбай жатат", — деди Тентимишов.

Ал ошондой эле, учурда "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү долбоорунун" алкагында сууну сордуруучу насостук станциянын курулушу жүрүп жатканын кошумчалады. 

Саркынды суулардын көлгө кошулуу коркунучу жок

Каракол шаарынан агып чыккан саркынды сууларды тазалоочу жайдагы суулардын көлгө куюлуу коркунучу жок экенин адисттер белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0