БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргыз эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованы Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев "Намыс" ордени менен сыйлаганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жамал Сейдакматова мекенчилдик сезимди, кыргыз элинин духун тарбиялоого кошкон салымы жана "Курманжан датка" тасмасында жараткан образы үчүн сыйланды.
"Сиздин аткаруучулук чеберчилигиңиз эч кимде шек туудурбайт. "Курманжан датка" тасмасындагы ролуңуз аркылуу эненин жүрөгүнүн тереңдигин жана кыргыз аялынын чыныгы мүнөзүн ачып бердиңиз", — деди Кудайбердиев.
Белгилей кетсек, 2015-жылдын февралында фильмди тарткандар жана башкы ролду ойногон артисттер да министрлик тарабынан сыйланган.