БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Байышбек Жуманазаровду өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө дайындоо боюнча буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Талас облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүл Койсун Курманалиева өткөн айда өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган.