БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Бишкек ШИИБ ким экенин эстей албай жаткан карыянын туугандарын табуу үчүн жардамдашууга чакырат.
Маалыматта айтылгандай, 23-майга караган түнүн Аламүдүн базарынан медициналык жардамга муктаж кары адам табылган. Тез жардам дарыгерлери пенсионерди шаардык ооруканалардын бирине жеткиришкен.
Карыя болжол менен 70-75 жашта. Өзүнүн айтымында, ал шаарга түштүк аймактан келген. Кызыл-Кыя шаарында чоң көлмөнүн жанында жашайт. Кубанычбек аттуу уулу бар. Тилекке каршы, өзүнүн аты-жөнүн, базарга кантип келип калганын эстеп айтып бере албай жатат.
© Пресс-служба ГУВД БишкекаПотерявший память пенсионер не может найти дорогу домой
Потерявший память пенсионер не может найти дорогу домой
© Пресс-служба ГУВД Бишкека
Карыяны таанып-билгендер болсо, Бишкек ШИИБ (0054) 102-261 телефону аркылуу маалымдап коюусун өтүнөт.