Атайдын шакирттери: кээде бизге "эмне, бой көтөрүп калдыңарбы?" дешет

© Анастасия Белая"Адем" бий тобу "Украина мае талант" конкурсунда. Архив
Адем бий тобу Украина мае талант конкурсунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Украина мае талант" конкурсунун акырында үчүнчү орунду ээлеген "Адем" тобунун бийчилери, Бишкекке кайтып келип, сапардан калган ой-пикирлери менен бөлүшүп, эл аралык сахнага чыккандан кийин "баштарына түшкөн" атак-даңк жөнүндө айтып беришти. Балдар атактуу бийчи Атай Өмүрзаковдун шакирттери.

"Адем" бий тобу "Украина мае талант" конкурсунун финалынан Бишкекке кайтып келип, Sputnik кабарчысы менен өз сапары туурасында ой бөлүштү. Топтун курамында үч кыргызстандык бар. Алар 20 жаштагы Эрлан Абдырахманов, Украинадагы конкурстун финалында Чаплинди аткарган, Акыл Жолдошев (24 жашта), фараон болгон жана Баяман Өмүрбеков (19 жашта) Наполеондун элесин жараткан. Алардан тышкары, "Адемде" казахстандык Кирилл Генералюк да бар. Ал 24 жашта, сыйкырдуу таякчаны таап алып, кокусунан байыркы каармандарды чакырып алган баланы ойногон. 

— Саламатсыздарбы! Сапарыңарда кандайдыр бир кыйынчылык болдубу? 

Эрлан Абдырахманов: Баарынан кыйыны Украинанын сахнага коюучулары менен иштөө болду. Башынан түрдүү пикирлер айтылып, бийди түрдүүчө коюп көрдүк. Бирок кийинчерээк тил табышып, номерлерди коё баштадык. 

— Кайсы орунду ээледиңер жана канда байге берилди? 

Эрлан: Украинада үчүнчү орунду алдык, бирок бизге диплом да беришкен жок. Колубузда ал аткаруубуздун видео жазуусу гана калды. 

— Кайтып келгенден кийин, атак-даңктын даамын сездиңерби? 

Кирилл Генералюк: Мен өз шаарым Кустанайда көбүрөөк таанылып калдым. 

Эрлан: Биз чоң сахнага чыгарыбыз менен, көпчүлүк бой көтөрүп жооп бербей калдыңар деп айыпташууда. 

Кирилл: Антип айткандар башынан биз менен жакын катышы жок болчу жана бизди билишпейт. Биз кадимки эле балдарбыз. 

— Ата-энелериңер кандай кабыл алды? 

Кирилл: Адатта атам мени сындап турат, бирок, бул жолу мени менен сыймыктанарын айтты. Апамдын, албетте, төбөсү көккө жетип калды. 

— Бийге кандайча келип калдыңар? 

Акыл Жолдошев: Мен чынында бала кезимде бийге шыгым бар экенин билген эмесмин. 

Баяман Өмүрбеков: Мен үчүн баары Атай Өмүрзаковдун видеосунан башталды. Анын робот болуп бийлегени мен үчүн укмуш көрүнүш болду. Ошондан баштап бийлөөнү чечтим.

Кирилл: Менин кумирим француз бийчиси Сала. Бул беш жылдай мурда болгон. Аны туурап бийлей баштадым да бир айдан кийин эле үйрөнүп калдым. Мен бала кезимден эле ийкемдүү болчумун, бирок муну көрсөткөндөн тартынар элем. 

— Бий силер үчүн эмне? 

Акыл: Мен үчүн бий — эркиндик. Ыракат, эргүү алам. Кандайдыр бир транска түшкөндөй болом. 

Эрлан: Мен үчүн бий — башка жашоо. Өзүмдү бийлеп атканда бөлөкчө сезем. Акыл айткандай, бул транс. 

Баяман: Бийдин аркасы менен ичкиликке, баңгиликке барбайсың. Ден соолук жагынан алганда да, өзүңү мыкты сезесиң. 

Кирилл: Бий мен үчүн — өзүмдү ачып көрсөтүү, энергетиканы сыртка чыгаруу. Өз күчүңдү бир нерсеге жумшаш үчүн, сүйүктүү ишиңдин болгону өтө маанилүү. Мен кээде 12 сааттан бийлечүмүн, тамактанганды унутуп койгон күндөрүм да болгон. 

— Алдыда пландарыңар кандай? 

Эрлан: Биз ушул ийгиликтерибиз менен эле токтоп калбашыбыз керек. Европада, АКШда, Азияда конкурстарга чыгууга аракет кылабыз. 

Кирилл: Баарын чогуу жасайбыз. Мүмкүн катарбызды көбөйтөрбүз. 

© Анастасия Яковлева "Адем": за третье место в конкурсе на Украине не дали даже диплома
Адем: за третье место в конкурсе на Украине не дали даже диплома - Sputnik Кыргызстан
"Адем": за третье место в конкурсе на Украине не дали даже диплома

— Жаштарга кандай кеңеш бересиңер? 

Эрлан: Эч качан кайра тартпагыла. Эгер жүрөгүңөрдүн тереңинде каалоо, умтулуу болсо жана ишенсеңер, баары колуңардан келет. 

Кирилл: Менимче, эң кыйыны — бир нерсени баштоо, бир нерсени үйрөнүү. Эч нерсе жасай албайм деген ой келген учурлар болот. Андайга чыдаш керек. Кийин алган ыракатын чоң болот. 

Акыл: Дайыма өзүңө жаккан нерсе менен алектениш керек. 

Баяман: Өз максатыңарга жетүүгө тырышкыла.

Жаңылыктар түрмөгү
0