Россиядагы Кыргызстандын өкүлчүлүгү Хакасиядагы өрттөн жабыркаган кыргызстандык үй-бүлөлөргө финансылык жардам бергенин дипөкүлчүлүктүн өкүлү Айымкан Кулукеева дүйшөмбү күнү билдирди.
Анын айтымында, даректүү жардам Россиянын Хакасия Республикасындагы Новокурск айылында өрттөн жабыр тарткан кыргызстандык үй-бүлөлөргө апрель айынын аягында көрсөтүлгөн.
Сүт фермасында иштеген мигранттар ар кыл укуктук маселер жана ошондой эле Кыргызстандын ЕАЭБге өтүүсү жөнүндө маалымат алышты.