БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Эс алууда жүргөн эки милиция кызматкери чатакташып, бирөөсү бычак жеген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдин маалымат кызматы Sputnik сайтына билдирди.
Аталган окуя өткөн ишемби күнү, 23-майда тоодо эс алып жүргөн учурда болгон.
Бишкек шаардык ИИББден маалымдашкандай, аталган окуяны ИИМдин жеке коопсуздук башкармалыгы териштирүүдө.
Жаракат алган милиция кызматкери №4 шаардык ооруканада экени кабарланууда.